ЦИК 18-округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти: ЖКнын депутаттары болуп Ханджеза, Чомоев жана Сатиева шайланды
8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, №18 округдагы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын талкуулап, тиешелүү токтомду бекитти. Бекитилген документке ылайык, №18 округдагы шайлоонун жыйынтыктары күчүндө деп таанылды жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чагылдырган протокол бекитилди.