85 жашында ABBA тобунун музыканты Ян Клинг дүйнөдөн кайтты
Швед басылмасы Aftonbladet маалымдагандай, Ян Клинг 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын уулу Маттиас Клинг бул кайгылуу жаңылыкты тастыктады. Ян саксофондо жана флейтада ойногон чеберчилиги менен белгилүү болгон, анын үнүн Super Trouper (1980) жана The Visitors (1981) альбомдорунда угууга болот. Ал ошондой эле ABBAнын "Fernando" аттуу ырындагы белгилүү флейта киришин аткарган.