
Документти кол коюу 20-Конвенциянын CITES тараптарынын конференциясынын алкагында өтүп, Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн өкүлдөрү: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кол койду.


Табигый ресурстар министрлигинде кол коюлган декларация жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, биргелешкен аракеттерди координациялоого, маалымат алмашууга жана Борбордук Азиядагы сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоо жана табигый ресурстарды туруктуу башкаруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет деп белгилешти.
COP20 CITES конференциясында Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев өлкөнүн CITES Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруудагы жетишкендиктерин сунуштады. Кыргызстан мыйзамсыз соодага каршы күрөшүүнү күчөтүү жана көзөмөлдөө үчүн цифралдык инструменттерди өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.