Жыл башынан бери НБКР 590,5 млн доллар суммасында 6 интервенция өткөрдү
Кыргызстандагы экономикалык абал туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи 10 айында ички жалпы продукт (ИЖП) 10% га өскөн. Ал белгилегендей, оң динамика экономиканын дээрлик бардык секторлорунда байкалууда. Жогорку ички суроо-талап реалдуу эмгек акынын өсүшүнө да көмөктөшүүдө.