Медгородок Бишкекте. КР Саламаттык сактоо министрлиги Франциядан өнөктөштөрдү долбоорго чакырат
Жакында Парижде инвестициялар жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууга арналган биринчи кыргыз-француз форуму өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борбору билдирет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматка ылайык, аталган форум Франция жана Кыргызстандагы медициналык мекемелер ортосундагы кызматташтык күндөрүнүн алкагында маанилүү окуя болуп калды. Ал ири француз компанияларынын, изилдөө борборлорунун, медициналык жана