Бишкекте Интерпол линиясы боюнча издөөдө болгон чет элдик жаран кармалды
МВДнын маалыматына ылайык, камакка алынган У. С. 1992-жылы төрөлгөн. Ал Молдова Республикасынын Ички иштер министрлигинин суранычы боюнча эл аралык издөөдө болгон. У. С. Молдованын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинде каралган "Зордук-зомбулук" кылмышын жасоодо шектелүүдө. Тергөө маалыматтарына ылайык, 2014-жылы ал жашы жете элек кыз менен анын макулдугусуз интимдик байланышта болгон.