
Кемин районунда мыйзамсыз таштанды жайы катталды, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Чүй облустук башкармалыгынын адистери 9-ноябрда Кичи-Кемин айылында текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда негизинен жаныбарлардын калдыктарынан (айрыкча, койдун терилеринен) жана үй тиричилигинин таштандысынан турган стихиялуу таштанды жайы табылды.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары боюнча материалдар экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына керектүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.