
Компания экологиялык стандарттарды сактабагандыгы жана өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин бузганы үчүн айыпталууда. Ошондой эле, уюм өз ишмердүүлүгүн зарыл уруксатсыз жүргүзгөнү аныкталды, бул жерлерди, суу жээктерин жана атмосфералык абаны булгоого алып келди.

Текшерүүнүн натыйжасында компанияга төрт протокол түзүлүп, 103 миң сом айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы бардык ишканаларга айлана-чөйрөнү коргоо нормаларын жана эмгек коопсуздугу талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Мыйзамдарды сактоо экологияны, калктын саламаттыгын жана коомдук коопсуздукту коргоодо негизги элемент болуп саналат.