Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында табигат коргоо мыйзамдарын бузуу учурлары аныкталды. Текшерүү учурунда үч протокол жана эки акт түзүлүп, эки ок атуучу курал алынган, алар Кемин районунун Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлдү.



Министрликтен белгилешкендей, мындай рейддер экосистеманын көп түрдүүлүгүн коргоо жана региондун табигый аймактарында мыйзамсыз аңчылык учурларын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.