Ошто 125 унаа үчүн көп кабаттуу токтотуучу жайдын долбоору иштелип чыкты
Ош шаардык башкармалыгынын архитектура жана курулуш боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин алкагында иш алып барган адистери жаңы эскиздик долбоорду иштеп чыгышты. Бул көп деңгээлдүү автоунаа токтотуучу жай, Оштун чыгыш тарабындагы Н. Исанов көчөсүндө курулушу пландалган.