
Мындай кырдаал калктын ден соолугуна таасир этиши мүмкүн
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Бишкекте абадагы зыяндуу заттардын нормасы 2,33 эсе ашып кеткен. Бул маалымат 24-30-октябрь аралыгында алынган.
Атап айтканда, булгануу заттарынын концентрациясы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөн: азот диоксидинин (NO₂) деңгээли 1,75 эсе; формальдегид — 2,33 эсе; PM₁₀ бөлүкчөлөрү — 1,8 эсе; PM₂.₅ бөлүкчөлөрү — 1,2 эсе.
Адистер мындай жогорку деңгээлдеги зыяндуу заттардын абада болушу шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир этиши мүмкүн экенин эскертет.
Сүрөт www