ЦИК Каримовду диний ишмердүүлүгү үчүн кандидат катары каттоодон баш тартты
Централдык шайлоо комиссиясы (ЦШК) №12 округда өзүнүн талапкерлигин койгон Гулсары Оморбековна Каримованын каттоосун четке какты. Бул чечим комиссиянын жакында өткөн жыйынында кабыл алынды. ЦШКнын жумушчу тобунун маалыматына ылайык, Каримова тарабынан берилген документтер шайлоого байланыштуу мыйзамдык талаптарга жооп бербейт. Улуттук дин иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы ал «Келечек умма» диний уюмунун директору кызматын аркалаган, ал эми 2024-жылы