Ведомстводо белгилегендей, конкурска дизайнерлер, модельерлер, костюм художниктери жана уникалдуу концепциялары бар чыгармачыл топтор катыша алышат.
Ташталган дизайн параддык форманын толук комплектин камтышы керек: баш кийим, жогорку кийим, эркектер үчүн шым жана аялдар үчүн көйнөк. Экипировканы түзгөн элементтер улуттук стилде жасалган болушу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын камтышы керек.
Колдонулган материалдар негизинен табигый болушу (жүн, пахта, лен, жибек) жана ыңгайлуулук менен коопсуздук талаптарына жооп бериши керек.
Арзалар 2025-жылдын 17-ноябрына чейин кабыл алынат.
Конкурс эки этапта өтөт:
- тандоо — концепциянын сүрөттөлүшү менен эскиздерди берүү;
- финалдык — эркектер жана аялдар үчүн даяр үлгүлөрдү көрсөтүү.
Иштери электрондук жана кагаз форматында сунушталса болот.
Баалоонун негизги критерийлери оригиналдуулук, темага ылайыктык, аткаруунун сапаты жана образдын биримдиги болуп саналат.
Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акча сыйлыктарын алышат:
I орун — 150 миң сом, II орун — 100 миң сом, III орун — 80 миң сом.
Логотип - концепт
Айдентика - идея
Айдентика - концепт
Айдентика - документация
Талисман - концепт