Ведомстводо белгилегендей, конкурстун негизги максаты - заманбап жана ыңгайлуу гана эмес, ошондой эле көркөм жактан бай, улуттук салттарды жана көчмөндөрдүн рухун чагылдырган костюмду түзүү.
Конкурска дизайнерлер, модельерлер жана чыгармачыл топтор катышууга чакырылат. Тапшырма улуттук стилде жана VI Көчмөндөр оюндарынын символикасы менен жасалган кийимдердин толук комплектисин иштеп чыгууга багытталган — баш кийимден баштап бут кийимге чейин.
Катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 17-ноябрына чейин кабыл алынат. Конкурс эки этапта өтөт: биринчи этапта катышуучулар эскиздерин жана концепцияларын сунушташат, андан кийин — даяр кийим үлгүлөрүн.
Конкурстун сыйлык фонду төмөнкүдөй:
- I орун үчүн 150 миң сом;
- II орун үчүн 100 миң сом;
- III орун үчүн 80 миң сом.
Сыйлык алган дизайндары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий иш-чараларында колдонулат.