ЕС Украинанын чыгышындагы референдумдардын жыйынтыктарын тааныбайт
Европа Биримдиги Донецк жана Луганск облустарында кечээ өткөрүлгөн референдумдардын жыйынтыктарын тааныбайт. Бул тууралуу Европа Кеңешинин президенти Херман ван Ромпей брифингде билдирди, РБК-Украина агенттигинин кабарчысы билдирет. "Биз Крым жана Севастопольду аннексиялоону тааныбай тургандай, кечээки аталган референдумду да тааныбайбыз", - деп баса белгиледи ван Ромпей. Ал Европа Биримдигинин тааныган жалгыз шайлоо - бул Украина президентинин 25-майдагы шайлоосу экенин белгиледи.