Кыргызстанда карыялар үчүн "балдар бакчаларын" ачуу сунушталууда
Жакында активдүү узак жашоого жана 2025–2030-жылдарга жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгууга арналган конференцияда Кыргызстанда кары адамдар үчүн күндүзгү борборлорду ачуу сунушталды, аларды "карылар үчүн балдар бакчалары" деп атаса болот. Жыйындын катышуучулары мындай мекемелер карылар үйүнө жакшы альтернатива болоорун белгилешти. Кары жарандар бул борборлорду таңкы сааттан кечки саатка чейин кеӊири колдонуп, Европа жана АКШдагы адаттагы практикага ылайык, күнүмдүк жашоосун