Анын курулушу 2013-жылы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен башталган, бирок каржылык каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калган.
Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматына ылайык, өткөн жылы имараттын курулушун аяктоо үчүн жаңы долбоор даярдалган.
«Мурда токтоп калган объекттин курулушун аяктоо максатында, 2024-жылы айыл өкмөтү долбоорду жаңылады. Спорт залдын жалпы сметалык баасы 11,8 млн сомду түздү, каржылоо булактары аныкталды:
- Каржылык министрликтин стимулдаштыруучу гранты — 5 млн сом
- Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду — 5 млн сом
- Жергиликтүү бюджет — 1,8 млн сом.
«Бул каражаттардын негизинде 2025-жылдын 22-майында тендер жарыяланды, анын жыйынтыгында подрядчик катары ОсОО «Эмирхан Компани» тандалды. 11,2 млн сомго келишим түзүлдү. Бүгүнкү күндө спорт залдын курулушу 90%га аяктады. Объектти пайдаланууга берүү 2023-жылдын 10-декабрына пландалууда», - деп билдиришти мекемеден.
Министрликтин маалыматы:
Чектелген жоопкерчиликтеги коом «Эмирхан Компани»
Каттоонун күнү: 2023-жылдын 8-февралы
Башкаруучу жана негиздөөчү: Толомушова Миргул Муратбековна
Негизги иш түрү: турак жай жана турак эмес имараттарды куруу.