Соревнованияга Австралия, Малайзия, Монголия, Түркмөнстан, Кытай, Казакстан жана Кыргызстанды камтыган сегиз өлкөнүн командалары катышты. Жарыштын жыйынтыгы боюнча командалык эсепте орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 1-орун - Кытай;
- 2-орун - Кыргызстан;
- 3-орун - Казакстан.
Команданын мүчөсү Бекзат Ооганов: "Чунциндеги трасса абдан кыйын болду жана толук концентрацияны талап кылды. Биз өлкөбүздү көрсөтүү үчүн жоопкерчиликти сездик. Командага колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем, ошондой эле Elite House'ка турнире катышуумда жардам бергендиги үчүн ыраазычылык. Биз жакшы жыйынтык жана медалдар менен үйгө кайтып келебиз" - деди.


Кыргызстандын командасынын эл аралык аренадагы бул ийгилиги, жергиликтүү спортчулардын жогорку квалификациясын жана өлкөдөгү мотоспортту өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү баса белгилейт.