Маалыматка ылайык, чет өлкөдө Кыргызстандын желегин көтөрүп, 1-орунду алган спортчуларга айыл өкмөтү Хан-Теңири тарабынан 15 000 сомдук акча сертификаттары берилди, 2-орун үчүн — 10 000 сом, 3-орун үчүн — 7 000 сом.
Спортчуларды колдоп, алардын бардык кыйынчылыктарын бөлүшкөн машыктыруучуларга 20 000 сомдук сертификаттар берилди.
«Таяк тартышу» боюнча:
- Мухамедова Касиет — 70 кг салмак категориясында 7- дүйнөлүк чемпионатта I орун, Архангай шаарында (Монголия) өткөн.
- Абыкенова Фатима — II орун.
Грек-рим күрөшү боюнча:
- Түргөнбаев Санжар — Казакстандагы эл аралык турнирдеги II орун.
- Турдубеков Бакыт — Казакстандагы II орун.
- Элчиев Элдар — III орун.
- Аликов Алим — Тон районундагы эл аралык турнирдеги III орун.
- Жолочиев Нурэдин — III орун.
- Жайлообаев Ислам — III орун.
- Өмүрбекова Алтынай — Болгарияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта I орун.
- Маликова Асема — Болгариядагы дүйнөлүк чемпионатта III орун.
- Акимкожо кызы Мөлмөл — дүйнөлүк чемпионатта III орун.
- Турсунова Сезим — дүйнөлүк чемпионаттын катышуучусу.
20 000 сомдук акча сертификаттарын алган машыктыруучулар:
- Жадыбаев Талант — армрестлинг.
- Абдыбеков Арген — таяк тартыш.
- Жумабаев Самагат — футбол.
- Абдыбеков Камчыбек — күрөш.