Турнирге Кыргызстан жана Казакстандан 2011-2012 жана 2013-2016-жылдары туулган 484 жаш күрөштүн катышуучусу катышты.
Жайыл районунан 10 спортчу катышып, төмөнкү жыйынтыктарга жетишти:
- 29 кг салмак категориясында Раатбек Нурубеков 2-орунду ээледи, Сары-Булак айылы, машыктыруучу: Руслан Атакеев;
- 31 кг салмакта Нуркелди Алишеров 1-орунду ээледи, Алексеевка айылы, машыктыруучу: Мурат Курманалиев;
- 31 кг салмакта Кутман Дуйшенкулов 3-орунду ээледи, Ставрополовка айылы, машыктыруучу: Жаркынбек Асылбек уулу;
- 50 кг салмакта Алмаз Абдрашитов 2-орунду ээледи, Ак-Башат айылы, машыктыруучу: Руслан Атакеев.
Жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери турнири уюштуруучулары - КРнын Жаштар лигасы тарабынан эскерүү медалдары жана дипломдор менен сыйланды. Мындан тышкары, ар бир салмак категориясынын чемпиондорунун машыктыруучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланды.