
Архивден алынган сүрөт
Дильназ 62 килограмм салмак категориясында чыгып, 1/8 финалдан баштап, дагы бир кыргызстандык Акылай Чыныбаевага каршы жеңишке жетти. Андан кийин, 1/4 финалда россиялык Анастасия Сидельниковага каршы чыгып, дагы жеңишке жетти.
Финалга жетүү үчүн Дильназ Россиядан Екатерина Олейниковага каршы турушу керек.
Ошол эле салмак категориясында дагы эки кыргызстандык — Баян Мотукеева жана Манзура Жусуева катышты, бирок, тилекке каршы, алар баштапкы беттештерден өтө алышкан жок жана турнирдон чыгып кетишти.

Кайыркуль Шаршебаева 68 килограмм салмак категориясында чыгып, турнирлерден өзүнө ишенимдүү өтүп, Россия жана Монголиядан келген атаандаштарын жеңип, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.