Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы спорттук күрөш боюнча эл аралык турнирдин финалына өттү
Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирынын финалына чыкты
Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы эл аралык спорттук күрөш турнирынын финалына чыкты.
Yasar Dogu 2018 турниры 27-июлда Стамбулда башталды.
Айсулуу Тыныбекова 28-июлда 62 кг салмак категориясында катышты.
Ал 1/8 финалдан баштап, Тунистен келген Фатма Инублини 11:0 эсебинде жеңди.
Турнирдин чейрек финалында Тыныбекова Германиядан келген Луиза Неймехти 7:0 эсебинде жеңип чыкты.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу Азербайжандан келген Элмира Гамбаровага каршы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.
Тыныбекованын финалдагы каршылашы Болгариядан келген Тайбе Юсейн болот.
62 кг салмак категориясында финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 29-июлда 20:30да башталат.
Мурда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Испаниядагы эл аралык күрөш турнирынын алтын медалын уткан.
Grand Prix of Spain 2018 турниры 14-15-июлда Мадрид шаарында өттү.
Тыныбекова 59 кг салмак категориясында катышып, 1/8 финалдан баштап, АКШдан келген Алии Раганды жеңди.
Чейрек финалдык беттеште Тыныбекова Россиядан келген Кристина Елоева менен күрөшүп, жеңишке жетти.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу Казакстандан келген Алтынай Сатылганды жеңип, акыркы беттеште дагы бир казакстандык спортчу Мадина Бакбергеновага каршы жеңишке жетти.
Бул салмак категориясындагы жыйынтык протоколунда Тыныбекова 1-орунду ээлеп, алтын медаль утту.
Мурда кыргызстандык спортчу Кытайдын ачык чемпионатында коло медаль уткан.