
Архивдеги сүрөт. Нурзат Нуртаева Иван Ярыгинин кубогундагы эл аралык турнирдеги үчүнчү орунду ээледи
Спортчу 72 килограммга чейинки категорияда катышты. Ал биринчи жекпе-жегинде Монголиядан келген атаандашы Болртунгалаг Зоригтке жеңилип калды.
Натыйжада биринчи орунду казакстандык күрөшчү Жамиля Бакбергенова ээлеп, күмүш медаль Болртунгалаг Зоригтке тийди, ал эми Нурзат Нуртаева жана Дагестандан келген Ксения Буракова үчүнчү орунду бөлүштү.
Биздин спортчу Лиза Дудаева менен бронза үчүн жекпе-жек өткөрүшү керек болчу, бирок россиялык спортчу жаракат алып, матракка чыга алган жок.