
Агенттиктин маалыматына ылайык, Олимпиаданын ачылышына ак түстөгү параддык форма даярдалган.
Спортчулар мелдештер учурунда комфортту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыккан кара көк спорттук кийимде машыгышат, — деп белгиленет расмий билдирүүдө.




Эскерте кетсек, кышкы Олимпиадада Кыргызстанды эки спортчу көрсөтөт: Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча жана Артур Сапарбеков лыжа жарыштарында. Спортчулар тууралуу көбүрөөк маалыматты бул жерден билүүгө болот.