
Бишкекте, Каба уулу Кожомкула атындагы спорт сарайында, 4-8-март күндөрү өтө турган шаар чемпионатынын алкагында волейбол боюнча алтынчы чемпионат башталды. Соревнованияга борбордун алдыңкы волейбол командалары катышууда.
Ачылыш аземине борбордун вице-мэри Нургазы Курманбеков, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана шаардык Спорт департаментинин директору Канатбек Маматов катышты. Өз сөзүндө вице-мэр волейболдун өнүгүүсүн колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, шаардык бийликтин спорттук демилгелерди колдоого даярдыгын айтты.
Эркектер турниринде "ВВ МВД", "СКА МО", "Салам Алик" СИ жана "Сары-Озон" командалары титул үчүн күрөшүүдө. Чемпиондук наам үчүн күрөшчү аялдар командаларына "Бишкек", "Салам Алик", СДЮШОР жана "Макрон KG" кирет. Бул иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаардык мэриясынын физикалык культура жана спорт департаменти жана шаардык волейбол федерациясы. Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.