Кыргызстандын курама командасы Мадагаскар жана Бахрейн менен оюн өткөрөт

Арестова Татьяна Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Түркияда өтө турган окуу-даярдык жыйындарына катышчу атаандаштарын жарыялады.

Жаңы машыктыруучу Роберт Просинечкинин жетекчилиги астында команда 23-марттан 31-мартка чейин Анталияда жыйынга чогулат.

Кыргыз футбол союзунун маалыматына ылайык, команда эки достук оюн өткөрөт.

26-мартта кыргызстандыктар Мадагаскар командасы менен, ал эми 31-мартта Бахрейн менен ойношот.

Учурдагы ФИФА рейтингинде Кыргызстандын улуттук командасы 103-орунда, Мадагаскар 104-орунда, ал эми Бахрейн 90-орунда турат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: