Кыргызстандын футболчулары ФИФА рейтингинде айдын мыкты командасы болушту

Кыргызстандын футболчулары ФИФА рейтингинде айдын мыкты командасы болушту

Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы дүйнөлүк командалар рейтингинде жаңы рекорд орнотуп, 75-орунду ээлеп турат.



Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы тарыхында экинчи ирет ФИФА рейтингинде айдын мыкты командасы болду.

Жаңыланган тизмени бүгүн, 12-апрелде, Эл аралык футбол ассоциациялары федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.

Президент Азия Кубогуна чыгышы үчүн кураманын футболчуларына 1 миллион сом тапшырды.

Март айында Александр Крестининдин жетекчилиги астында курама Мьянма (22-март) жана Индия (27-март) командаларына каршы эки жеңишке жетишип, тарыхта биринчи жолу Азия Кубогу – 2019 турниринин финалдык бөлүгүнө чыкты. Бүгүнкү күндө ФИФА рейтингиндеги рекорддук позиция – 75! Мурдагы тарыхый көрсөткүч 99-орун (2016-жылдын октябры) болгон.

Кыргызстандын футболчулары дүйнөдө айдын мыкты командасы болушту!

Азия континентинин мыкты командаларынын рейтингинде Кыргызстан курамасы 7-орунду ээлеп турат. СНГ жана Балтика өлкөлөрүнүн арасында биздин команда 3-орунду алып, Украина (30) жана Россия (66) командаларына гана жол берди.

40 позицияга жогорулагандыгы үчүн айдын мыкты командасы наамы дагы Кыргызстан курамасына берилди, деп белгилейт Футбол федерациясы.

Айдын эң начар командалары Гаити (-23), Папуа Жаңы Гвинея (-21) жана Никарагуа (-20) командалары болду.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent