
Биринчи таймда кыргыз футболчулары бир нече каталарды кетирип, төрт голду өткөрүп беришти, алардын экөө дарбазачы Султан Чомоев менен коргоочу Улан Сулаймановдун катачылыктарынан улам болду.
Оюндун экинчи жарымында Кыргызстандын капитаны Элдияр Зарыпбеков пенальти утуп алып, аны Бекназ Алмазбеков ийгиликтүү аткарып, эсепти 1:4 кылды.
62-мүнөттө Бекназ кайрадан көзгө түштү, каршылаштын дарбазасына экинчи голду киргизди.
Ошентсе да, Мадагаскар футболчулары дагы бир пенальти менен жооп беришип, матч 5:2 эсебинде алардын пайдасына аяктады.
Эскерте кетсек, мурда Кыргызстан командасы Экваториалдык Гвинея командасынан 0:1 эсебинде утулуп калган.