Кыргызстандык Ражабали Шайдуллаев Японияда Rizin FF чемпиондук наамын коргоду
31-декабрда Япониянын «Сайтама Супер Арена» стадионунда Rizin FF промоушени тарабынан уюштурулган 2025-жылдагы акыркы ири аралаш жекпе-жек турнири өттү. Турнирдин алкагында Кыргызстандан полулегкий салмактагы чемпион Ражабали Шайдуллаев жапондук атаандашы Микура Асакура менен рингде жолукты.