Бишкекте венгриялык кино күндөрү башталды. Сүрөт

VK X OK WhatsApp Telegram
3-ноябрда Бишкекте Венгрия кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү, деп билдирет Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чарада маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Венгриянын элчиси Шандор Дороги, ошондой эле билим берүү жана маданий мекемелердин өкүлдөрү, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Министрдин айтымында, мындай иш-чаралар маданий алмашууга гана эмес, ошондой эле искусство жана билим берүү тармагында келечектеги биргелешкен демилгелер үчүн негиз түзөт.

Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө венгриялык режиссерлордун фильмдери 10-ноябрга чейин сунушталат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: