Дордой базары

Дордой базары


Демалышыңызды Борбордук Азиядагы эң чоң товар базарын зыярат кылуу менен бириктириңиз!

Дордой базары – бул ар кандай товарлардын эң кеңири ассортиментине ээ болгон жай. Бул жерде авто унаалардан баштап, эң майда буюмдарга чейин баарын таба аласыз. Дордойдун аянты болжол менен 100 гектарды түзөт, ошондуктан аны Бишкектин четиндеги өзүнчө шаар катары эсептесе болот. Ал «мамлекет ичинде мамлекет» деп да аталат. Бул жерде Кыргызстан, Кытай, Түркия, Сирия, Индия, Россия, Казакстан соодагерлеринин жашоосу кайнап турат.

Сиздин жашооңузда эмне керек болсо, Дордойдон таба аласыз: эркектерге, аялдарга, балдарга жана үй жаныбарларына кийимдер, бут кийим, мебель, килемдер, посуда – кытай фарфорынон баштап кол өнөрчүлөрдүн колго жасаган буюмдарына чейин, спорт товарлары, үй техникасы, аудио-видео техникасы, профессионалдар үчүн да, жөнөкөй адамдар үчүн да, чарба, курулуш товарлары жана материалдары, канцелярдык буюмдар, тигүү жана чыгармачылык үчүн бардык нерсе, декоративдик товарлар, той кийимдери, зергердик буюмдар, жүн кийимдер, дубленкалар, терилер, териден жасалган буюмдар жана дагы көптөгөн нерселер.

Дордой базары


Дордой базары кызмат көрсөтүү боюнча Бишкектеги соода-ойноо борборлоруна теңдешет. Чын эле, жагымдуу шопинг үчүн баары бар: даамдуу тамактары жана жагымдуу баалары бар кафелер, жайкысын ар бир кадамда суук ичимдиктер, сумканы көтөрүү кыйын болсо – тачечниктер жардамга келет. Дордой базарында ошондой эле мейманканалар, сулуулук салондору бар жана ал жактагы баалар дагы сизди жагымдуу түрдө таң калтырат.

Бул чыныгы чыгыш базары, «1000 жана 1 түн» жомокторундагыдай бардык сулуулуктары менен.

Дордой базары үчүн жамгырлуу аба ырайы көйгөй эмес. Эгер сиз сапарды пландап, эртең менен жамгыр же кар жааса, үмүтүңүздү үзбөңүз, Дордойдогу бардык базарлар жабык.

Дордой өз ичинен дагы бир нече базарларга бөлүнөт: Алканов жана К, Джунхай, Мурас-Спорт, Килемдер, Бут кийимдер дүйнөсү, Кытай, Кербен, Европа, Дордой Түндүк, Дордой Чыгыш, АЗС, Ак-Суу, Дордой авто запчасткалары базары, Алтын-ТОО.

Дордой базары
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent