8-ноябрда Алматыда (Казакстан) өткөн OCTAGON 81 турниринде 21 жаштагы кыргызстандык Фарида бразилиялык Силвания Монтейра (11-4) менен беттешти. Бул беттеште минималдуу аялдар дивизионундагы чемпиондук белбеу Абдуевага таандык болчу.
Фарида биринчи раунддун акыркы секундунда техникалык нокаут менен жеңишке жетип, титулун сактап калды.
Титулду ал 19-апрелде OCTAGON 71 турниринде казакстандык Аян Турсындан тартып алган.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация OCTAGON (@octagonleague) тарабынан