Экскурсия учурунда мамлекет башчысына пирамидалардын байыркы цивилизациянын символу жана дүйнөлүк маданий мурастын маанилүү элементи катары мааниси тууралуу маалымат берилди.
Пирамидаларды зыярат кылгандан кийин, Садыр Жапаров Улуу Египет музейине жөнөдү, ал планетадагы эң ири археологиялык музей болуп эсептелет. Ал 2025-жылдын 1-ноябрында келүүчүлөр үчүн эшигин ачып, Байыркы Египеттин уникалдуу артефакттарын камтыйт.

Сапар учурунда президент музейдин экспозициялары менен таанышып, анын дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурастын сакталуусун жана жайылтылышын камсыздоодогу маанилүүлүгүн белгиледи.
Акырында Садыр Жапаров коноктордун китебине жазуу калтырып, Египет тарапка жылуу кабыл алганы жана улуу цивилизациянын мурастарына кол тийгизүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.