Документте журналисттин кармалышы произвольдуу болуп, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин жана Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактысынын алты беренесин бузгандыгы көрсөтүлгөн.
Жумушчу топ кыргыз бийликтерин Махабат Тажибек кызын бошотууга, ага компенсация берүүгө жана укуктарын калыбына келтирүүгө, ошондой эле анын кармалышынын жагдайларын көз карандысыз иликтөөнү жүргүзүүгө жана укуктарын бузган адамдарга каршы чараларды көрүүгө чакырды.
Мындан тышкары, уюм Кыргызстанга көз карандысыз ЖМКларды куугунтуктоону токтотууну жана мыйзамдарды тез арада реформалоону, 278-беренени эл аралык адам укуктарынын стандарттарына ылайык келтирүүнү сунуштады.
***
Эскерте кетсек, 2024-жылдын январь айында Temirov Live офисинде жана журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн:- Махабат Тажибек кызы (Temirov Live);
- Сапар Акунбеков ("Айт айт десе");
- Азамат Ишенбеков (акын "Айт айт десе");
- Сайпидин Султаналиев ("Арча Медиа");
- Актилек Капаров ("Алга Медиа");
- Тыныстан Асыпбеков ("ПолитКлиника");
- Максат Тажибек уулу (Temirov Live);
- Жоодар Бузумов;
- Жумабек Турдалиев;
- Айке Бейшекеева;
- Акыл Орозбеков.
2024-жылдын 17-январында Бишкектин Первомай райондук соту журналисттерди эки айга СИЗОго камоо чечимин кабыл алды.
Соттук отурумда Temirov Live тарабынан 95 видео материал каралды.
2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту чечим чыгарды. Судья Кылычбек Истамкулов төмөнкүдөй жаза берди:
- Махабат Тажибек кызы - алты жыл эркинен ажыратуу;
- Азамат Ишенбеков - беш жыл;
- Айке Бейшекеев - үч жыл пробация;
- Актилек Капаров - үч жыл пробация.
Акталган адамдардын арасында:
- Сапар Акунбеков;
- Сайпидин Султаналиев;
- Тыныстан Асыпбеков;
- Максат Тажибек уулу;
- Жоодар Бузумов;
- Жумабек Турдалиев;
- Акыл Орозбеков.
Көптөгөн эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, аны сөз эркиндигине жана көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына кысым катары мүнөздөшкөн.