
Бул сунуш «Ортолук Азия – Жапония» Диалогу боюнча биринчи саммитте айтылды.
Президенттин басма сөз кызматынан алынган маалыматка ылайык, Садыр Жапаров форумда экологиялык жактан таза «Асман» шаарын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча демилге көтөрдү.
«Президент Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан ыңгайлуу географиялык жайгашуусу аркылуу транспорт, соода жана финансылык агымдар үчүн регионалдык хабга айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи. Байланыштарды жакшыртуу, инфраструктураны модернизациялоо жана заманбап транспорт технологияларын киргизүү бизнес үчүн чыгымдарды азайтууга жана өлкөнүн регионалдык логистикадагы позицияларын бекемдөөгө жардам берет», - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргызстан жол жана темир жол тармагын, жарандык авиацияны жана транспорт-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн эл аралык транспорт маршруттарындагы катышуусун арттырууга умтулуп жатканын баса белгиледи.