Акаев Аскар Акаевич

Акаев Аскар Акаевич
Техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиясынын ардактуу академиги, Нью-Йорк жана көптөгөн чет өлкөлөрдүн академияларынын чыныгы мүчөсү, МГУ жана дүйнөдөгү көптөгөн университеттердин ардактуу профессору.
1944-жылы төрөлгөн. 1968-жылы Ленинграддагы так механика жана оптика институтун аяктаган.
Кыргыз Республикасынын биринчи президенти.
Кванттык электроника, голография жана ЭВМ маалыматты оптикалык иштетүү боюнча белгилүү адис.
Илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыты - маалыматтык- эсептөө, голографиялык системаларды жана ЭВМ маалыматты оптикалык иштетүүнү иштеп чыгуу жана түзүү. Ал иштеп чыккан “орточо эсептөө ыкмасы” (Акаев-Дульнев ыкмасы) ар кандай приборлор жана түзмөктөрдөгү температуралык талааларды эсептөө үчүн инженердик практикаларда кеңири колдонууга ээ болду. Орточо эсептөө ыкмасын колдонуу ошол учурда борттук ЭВМ үчүн интегралдык ферриттик эс тутум түзмөктөрүнүн ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, оптикалык системалардагы сүрөттүн сапатына термооптикалык аберрациялардын таасирин компенсациялоо боюнча маанилүү маселени чечүүгө мүмкүндүк берди. Ал конструктивдик теорияны, голографиялык эс тутум түзмөктөрүнүн параметрлерин эсептөө жана оптималдаштыруу ыкмаларын, ошондой эле ЭВМде голограммаларды синтездөө ыкмаларын иштеп чыкты.
Кыргыз ССРинин Ленин комсомолунун илим жана техника боюнча сыйлыктарынын лауреаты. Альберт Эйнштейн атындагы алтын медалдын ээси.
СССРдин Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган, Эл аралык биримдик фондунун жана Дүйнөлүк Кранс-Монтана форумунун сыйлыктарына ээ болгон, Кыргызстандын билим берүү, өнөр жай жана искусстволор боюнча Эл аралык илимдер академиясынын кыргыз филиалынын Ардактуу мүчөсү болуп шайланган, А.С. Пушкин медалы, “Латин Америкасынын биримдиги” ассоциациясынын “Улуу крест” ордени жана башка эл аралык уюмдардын жогорку сыйлыктары менен сыйланган.
2001-жылы илимий жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүндөгү мыкты жетишкендиктери үчүн Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалына ээ болгон. Жаңы көз карандысыз Кыргызстанда интеллектуалдык менчик системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча демилгечи.
Эл аралык инженердик академиясынын “Улуу күмүш медалы” менен сыйланган лауреаты.
Ал Фрунзе политехникалык институтунда ЭВМ боюнча атайын кафедра уюштурган, ЭВМ системотехниктерин даярдаган, алар республикадагы көптөгөн тармактарда ийгиликтүү иштешет.
Ал жаш илим кадрларын даярдоого чоң салым кошту, анын жетекчилиги астында биздин өлкөдөгү белгилүү илимпоздордун ондон ашыгы кандидаттык жана доктордук диссертацияларын коргоп чыгышты.
100дөн ашык илимий жана методикалык эмгектер жарыяланган, анын ичинде 15 монография, окуу китептери жана окуу куралдары, 12 ойлоп табуунун автору.
Негизги илимий эмгектери жана ойлоп табуулары:
1. Сүрөттөрдү иштетүү үчүн түзмөк. Автордук күбөлүк № 951996,1982.
2. Голографиялык интерферограммаларды алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 119-5772,1985.
3. Фототермопластикалык маалымат сактоочу түзмөккө голограммаларды локалдык жазуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1263088,1986.
4. Термопластикалык маалымат сактоочуларга голограммаларды локалдык жазуу үчүн түзмөк. Автордук күбөлүк № 1635771,1991.
5. Полимердик жарым өткөргүчтөрдүн жука пленкаларына голограммаларды локалдык жазуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1648194,1991.
6. Лазердик нурду буруу ыкмасы. Патент КР № 177.1997.