Кадыралиев Сабыржан

Кадыралиев Сабыржан
Техникалык илимдердин доктуру, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги
1952-жылы туулган. 1974-жылы Ташкент политехникалык институтун аяктаган.
Азыркы учурда Джалал-Абад мамлекеттик университетинин физика кафедрасында профессор болуп иштейт.
Анын иштеп чыккан технологиялары Санкт-Петербург адмиралдык бирикмесинде, “Станкостроительный завод ИМ.В.И.Ленина” өндүрүштүк бирикмесинде, “Кьфгызэлектродвигатеяь” заводунда, Андижан “Электродвигатель” заводунда, Ош машиностроительный заводунда колдонулган. Ал металлдарды плазмалык кесүү жана ширетүү эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча илимий негиздерди иштеп чыккан, металлдарды плазмалык кесүү жана ширетүү үчүн жаңы типтеги машиналарды, плазмалык процессерди математикалык моделдөө аркылуу плазмалык иштетүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу ыкмаларын аныктаган, электр машиналарынын магнитопроводдорун плазмалык ширетүү ыкмасын тапкан. Соңку убакта кыргыз базальтын плазмалык эритүү менен машыгып жатат, бул машина куруу жана курулуш үчүн келечектеги материал катары.
Кыргыз ССРинин Лениндик комсомолунун илим жана техника жаатындагы сыйлыгынын лауреаты. Анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык диссертация корголгон.
Плазмалык кесүү жана ширетүү боюнча 80ден ашык илимий эмгектер, 10 окуу-методикалык колдонмо жарыяланган, 10 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулар:
1. Катоддук узел плазматрона Авт. күб. № 123171,1984.
2. Плазматрон. Авт. күб. № 1307692,1985.
3. Электр машиналарынын магнитопроводдорун пакеттерин даярдоо үчүн түзүлүш. Авт. күб. № 1267539,1986.
4. Магнитопроэлектрдик машиналардын пакеттерин даярдоо ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн түзүлүш. Авт. күб. № 1636941,1991.
5. Плазмалык кесүү үчүн түзүлүш. Авт. күб. № 1722739,1992.
6. Минералдык чийки зат негизинде боёк алуу ыкмасы. 2002.