Металлургия Кыргызстанда
Эң байыркы металлургия. Металды эритүүнү үйрөнүү адамзат тарыхындагы эң чоң ачылыш болуп, айыл чарба, жыгач жана металл иштетүү тармагында өндүрүмдүүлүктүн өсүшүн тездетти; курал-жарактын согуштук жөндөмдүүлүгүн жогорулатты; үй буюмдары жана куралдардын кызмат мөөнөтүн узартты; коомдогу прогрессивдүү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө алып келди. Археологиялык булактарга ылайык, адамзат 8-6 миң жыл мурун колдонгон биринчи металл буюмдары төмөнкүлөр болгон: эки учтуу жоон жиптер (Чыгыш