Стратегияны иштеп чыгуу Экономика жана соода министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн.
Анализдин маалыматы 2014-2024-жылдар аралыгында өнөр жайдын көлөмүнүн туруктуу өсүшүн көрсөтүп турат:
- 2014-жыл - 171 миллиард сомдон ашык;
- 2023-жыл - 495 миллиард сомдон көп;
- 2024-жыл – 585 миллиард сомдон ашык.
Орточо жылдык өсүү темпи 11–13% чамасында.
| 2023-жылдагы экономикалык ишмердүүлүк боюнча түз чет элдик инвестициялар | ||||||
| Кирүү | Чыгуу | |||||
| Миң доллар АКШ | Процент менен | Миң доллар АКШ | Процент менен | |||
| өткөн жылы | жалпы | өткөн жылы | жалпы | |||
| Жалпы | 844 895,7 | 70,3 | 100,0 | 685 697,3 | 59,7 | 100,0 |
| Кен казуу | 220 988,1 | 44,2 | 26,1 | 281 038,3 | 45,6 | 41,0 |
| Өнөр жай өндүрүшү | 233 835,3 | 68,6 | 27,7 | 126 902,3 | 46,2 | 18,5 |
| Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо | 313,5 | 24,9 | 0,0 | 28 865,7 | 640,7 | 4,2 |
| Суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра иштетүүчү сырьё алуу | 28,0 | 57,6 | 0,0 | 50,9 | 40,0 | 0,0 |