Ахмедов Мелис Хайдарович
Ахмедов Мелис Хайдарович График. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери. 1940-жылдын 10-июнунда Өзбек ССРинин Маргелан шаарында төрөлгөн. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт училищесин, 1970-жылы Москвадагы В.И. Суриков атындагы көркөм искусство институтунун графика факультетин С.А. Дехтяревдин китеп графикасы боюнча устатынан бүтүргөн. 1970-1978-жылдары «Мектеп» басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген. 1972-жылдан бери Фрунзе көркөм сүрөт училищесинде мугалим болуп иштейт.