Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү конкурстардын жыйынтыктары чыгарылды:
- «Дилгир» — максаты таланттуу жана активдүү студенттерди кыргыз тили боюнча жогорку деңгээлде билим алгандыгын аныктоо болгон конкурс;
- «Мыкты сабак» — мугалимдер арасында эң жакшы ачык сабак үчүн конкурс;
- «Мыкты кыргыз тил жана адабият кабинети» — кыргыз тили жана адабияты боюнча эң жакшы кабинет үчүн конкурс.
Ар кандай номинациялар боюнча бардык жеңүүчүлөр грамота жана баалуу белектер алышты.