Ошто Art Expo алкагында көркөм өнөрдүн көргөзмөсү ачылды
Ош облусунун Т. Садыков атындагы көркөм өнөр музейинде эл аралык Art Expo долбоорунун алкагында сүрөт өнөрү көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чарада маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ошондой эле СНГ өлкөлөрүнүн маданият жана искусство тармагындагы өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, элдик чыгармачылык ustаттары, дизайнерлер жана жаш чыгармачыл адистер катышты.