Бул көрсөткүч саламаттыкка зыяндуу деп эсептелет.
Бишкектеги эң булганган үч аймак:
1. Мадиев көчөсү - 175
2. Нагорье - 162
3. Байтик айылы - 157
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу даражасы | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу деңгээли минималдуу жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезимтал адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн зыяндуу | Сезимтал адамдардын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн. Орто статистикалык жаран үчүн таасир минималдуу |
| 151—200 | зыяндуу | Ар бир адам терс кесепеттерин сезиши мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдар үчүн бул кесепеттер көбүрөөк олуттуу болушу мүмкүн |
| 201—300 | өтө зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу, бул бардык калкка таасир этет |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка коркунучтуу. Бардык адамдар олуттуу терс кесепеттерин сезиши мүмкүн |
PM2.5 – бул 2,5 микрондон кичине, адам чачынан 30 эсе кичине болгон майда катуу бөлүкчөлөр. Алар абадагы чаң, күл, күйүк, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасы болуп саналат. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү түтүндүн себеби болуп саналат.
Дүйнөлүк аба сапаты рейтингинде 22-ноябрда Бишкек 7-орунду ээлейт (саат 11:00дө).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү минималдаштырыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.