Мындай мааниси абдан ден-соолукка зыяндуу шарттарды көрсөтөт.
Бишкектеги эң көп булганган 3 орун:
1. Мадиев көчөсү - 357
2. Байтик айылы - 49
Бишкектеги булгануунун негизги булагы PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Булгануу минималдуу, абанын сапаты канааттандырарлык деп эсептелет |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок айрым булгануучу заттар сезгич адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден-соолукка зыяндуу | Адатта сезгич адамдардын ден-соолугуна терс таасир этет. Көпчүлүк үчүн көрүнүктүү таасирлер байкалбайт |
| 151—200 | ден-соолукка зыяндуу | Ар бир адам ден-соолукка таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, ал эми сезгич адамдар үчүн олуттуу көйгөйлөр болушу мүмкүн |
| 201—300 | абдан ден-соолукка зыяндуу | Ден-соолукка олуттуу коркунуч. Бул бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден-соолукка олуттуу коркунуч. Ар бир адам оор кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичине бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичинекей. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күл, кокс, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Алар чоң мегаполистерге мүнөздүү булганууга себепкер болот.
19-январдагы абанын сапатынын рейтингине ылайык, Бишкек дүйнөдө булгануу деңгээли боюнча 3-орунду ээлейт (17:00).
• Абанын булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин болтурбоо үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийип жүрүңүз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.