Бул деңгээл канааттандырарлык. деп бааланат.
Шаардын эң булганган аймактары:
1. Мадиев көчөсү - 144
2. Байтик айылы - 6
Бишкектеги абанын негизги булгоочусу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгоочу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Канааттандырарлык сапат, булгануу норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Кабыл алынуучу сапат, өзгөчө сезимтал адамдар үчүн терс таасир этүүсү мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезимтал адамдарга таасир этиши мүмкүн, бирок калган адамдарга чоң таасир этпейт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгы ден соолукка терс таасирлерди сезиши мүмкүн, сезимтал адамдар үчүн - көбүрөөк оор |
| 201—300 | абдан ден соолукка зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу, кесепеттер бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка коркунучтуу, ар бир адам оор кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичине бөлүкчөлөрдү билдирет. Алардын өлчөмү адамдын чачынан 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөрдүн курамына чаң, күкүрт, кокс, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Алар ири шаарларга мүнөздүү аба сапатынын начарлашына себепкер болот.
Глобалдык аба сапатынын рейтингинде 27-декабрда Бишкек 40-орунду ээлейт (саат 11:00гө карата).
Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин минималдаштыруу үчүн терезелерди жабыңыз;
- беткаптарды колдонуңуз;
- сыртта физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.