Бул деңгээл саламаттыкка зыяндуу деп классификацияланат.
Бишкектеги үч эң булганган аймак:
1. Мадиев көчөсү - 178
2. Байтик айылы - 134
Шаардагы негизги аба булгоочу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгоочу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, минималдуу булгануу норманын ичинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар адамдар үчүн, булганууга сезгичтер үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн саламаттыкка зыяндуу | Өзгөчө уязвимдүү категорияларга таасир этиши мүмкүн, бирок жөнөкөй жарандарга олуттуу таасир этпейт |
| 151—200 | саламаттыкка зыяндуу | Бардык тургундар саламаттыкка терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, өзгөчө сезгич адамдар олуттуу терс таасирлерди сезиши мүмкүн |
| 201—300 | абдан саламаттыкка зыяндуу | Саламаттыкка коркунучтуу. Бул бардык тургундарга терс таасир этет |
| 300+ | коркунучтуу | Саламаттыкка коркунучтуу. Ар бир адам олуттуу кесепеттерди сезиши мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул абадагы чаң, күкүрт, кокс, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасы. Бул заттар ири шаарларда байкала турган мүнөздүү туман пайда болууга жардам берет.
Дүйнөлүк деңгээлде, 30-ноябрга карата Бишкек 6-орунду (16:00) аба сапаты жана булгануу деңгээли боюнча ээлейт.
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин минималдаштыруу үчүн терезелерди жабыңыз;
- беткап кийиңиз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектөөгө аракет кылыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.