Бул аба сапатынын деңгээли канааттандырарлык деп бааланат.
Шаардын эң көп булганган үч аймагы:
1. Нагорье - 88
2. Байтик айылы - 75
3. Мадиев көчөсү - 74
Бишкектеги негизги аба булгандыруучу PM2.5 болуп саналат.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты кабыл алынуучу, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгандыруучулар сезимтал адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезимтал адамдардын ден соолугуна терс таасир этет, адатта, жөнөкөй тургундар айкын таасирди сезбейт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Элдин ден соолугуна таасир этиши мүмкүн, сезимтал категориядагы адамдар үчүн кесепеттери олуттуу болушу мүмкүн |
| 201—300 | өтө ден соолукка зыяндуу | Ден соолук үчүн кооптуу. Терс таасир бардык калкка тийиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолук үчүн кооптуу. Бардык тургундар ден соолукка олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичинекей катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичинекей. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күкүрт, сажа, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Алар ири шаарларга мүнөздүү түтүндүн себеби болуп саналат.
Дүйнөлүк аба сапаты рейтингинде 26-ноябрда Бишкек 38-орунду ээлейт (саат 17:00 боюнча).
• Атмосфералык булгануудан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.