Бул көрсөткүч канааттандырарлык абанын сапатын көрсөтөт.
Бишкектин эң булганган аймактары:
1. Мадиев көчөсү - 129
2. Байтик айылы - 6
Бишкектеги негизги булгандыруучу PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба канааттандырарлык деп эсептелет, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок айрым булгандыруучулар сезгич адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден-соолукка зыяндуу | Сезгич адамдардын ден-соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн, бирок орто статистикалык адамга таасир этпейт |
| 151—200 | ден-соолукка зыяндуу | Бардыгы ден-соолукка терс таасирлерди сезиши мүмкүн, өзгөчө уязвимдүү категориялар |
| 201—300 | абдан ден-соолукка зыяндуу | Ден-соолук үчүн кооптуу, бардык калкка таасир этет |
| 300+ | кооптуу | Ден-соолук үчүн өтө кооптуу, бардыгы оор кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адамдын чачынан 30 эсе кичине. Алар абадагы чаң, күкүрт, кокс, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасын камтыйт. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү түтүнгө себеп болот.
13-январга карата Бишкек дүйнөлүк абанын сапаты рейтингинде 67-орунду ээлейт (саат 11:00дө).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийип жүрүңүз;
- таза абада физикалык жүктөмдү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.