
Агроөнөр жай министри Т. Айдаралиев Таласка болгон сапарынын алкагында боб өндүрүүчүлөр жана сатып алуучулар менен жолугушту. Талас эли быйыл бобдун баасына нааразы. Эске салсак, өткөн жылы бобдун баасы 74 сомдон 100 сомго чейин жеткен, 2014-жылдын январь айынан март айына чейин 100 сомдон 115 сомго чейин сатып алынган. Ал эми март айынын ортосунан баштап бобдун баасы 60-65 сомду түзгөн. Боб өндүрүүчүлөр өткөн жылдагы баа быйыл дагы сакталат деп үмүттөнүшкөн. Министр боб өндүрүүчүлөр менен жолугушуп, алардын пикирин угуп чыкты. Жерине барып жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында, боб сатып алган ири компаниялар жашыруун иштеп жатканы аныкталды. Ошондой эле, бул компаниялардын ортомчулары аркылуу бобдун төмөн баада сатып алынып жатканы белгилүү болду. Министрдин айтымында, тазаланган боб 60-65 сомдон, комбайнга 58 сомдон сатып алынат.
2013-жылы бобдун баасынын көтөрүлүшүнүн хронологиясы жана бүгүнкү күндөгү баасы:
74-83с/кг - 1.12.13-ж
95-100с/кг - 29.12.13-ж
100-113с/кг -20.01.14-ж
105-115с/кг 28.01.14-ж
105-115с/кг 28.02.14-ж
100-105с/кг 4-март 2014-ж
60-65с/кг Апрель-сентябрь
Бүгүнкү күндөгү баа:
58-60 с/кг - комбайнга 63-65 с/кг тазаланган.
2010-2012-жылдардагы бобдун баасы:
2010-ж: 18-22(жазында - 28) с/кг,
2011-ж: 28-30(жазында - 35) с/кг,
2012-ж: 30-35 (жазында - 50) с/кг.