
Бул маалыматты өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште билдирди.
2024-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет учурунда ал номиналдык ички дүң продукция (ИДП) 2020-жылы 639 миллиард сомдон 2024-жылы 1,6 триллион сомго чейин өскөнүн жана болжол боюнча 2025-жылы бул көрсөткүч 1,8 триллион сомго жетээрин айтты.
«Бул акыркы жылдарда экономика үч эсе өсүп жатканын билдирет»,- деп баса белгиледи премьер-министр.
Мындан тышкары, Эл аралык валюта фондуна ылайык, Кыргызстан 2024-жылы дүйнөдө реалдуу ИДПнын эң жогорку өсүш темпине ээ үч өлкөнүн бири болуп, 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээлейт.
«Өсүш динамикасы курулуш, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактардын өнүгүшү менен, ошондой эле негизги капиталга инвестицияларды көбөйтүү менен байланыштуу»,- деп кошумчалады өкмөт башчы.
Сүрөт www